2025-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Сабиров Равшанбек Азатович Э.Х. Акрамов атындагы Чүй облустук бириккен ооруканасында МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Капиталдык оңдоодон кийин заманбап интенсивдүү терапия жана анестезиология бөлүмү ачылды: коммуналдык системалар жаңыртылды, палаталар функционалдык керебеттер жана бейтаптардын тиричилик функцияларын колдоо үчүн жабдуулар менен жабдылды.

Долбоор Кыргызстан Эл аралык университети менен биргеликте «Академиялык медициналык хаб түзүү аркылуу Чүй облустук бириккен ооруканасын реконструкциялоо» МЖӨ келишиминин алкагында ишке ашырылууда. Ал инфратүзүмдү модернизациялоо, заманбап техникалар менен жабдуу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү максатын көздөйт.
Натыйжада, оорукана университеттин үчүнчү деңгээлдеги клиникасына — академиялык медициналык борборго айланат. Инвестициялардын жалпы көлөмү 90 млн сомдон ашат, макулдашуунун мөөнөтү – 25 жыл.